Кыргызстанда ПЦР-тесттин жасалма бланкаларын саткан уюшкан топ кармалды

15.01.2021, 17:00 Акчабар
Кыргызстанда ПЦР-тесттин жасалма бланкаларын саткан уюшкан топ кармалды

Чүй облусунда ПЦР-тесттин жыйынтыгын «коронавирус оорусу тастыкталган жок»​ деген жасалма бланкаларды даярдаган жана мыйзамсыз ишке ашырып келген уюшкан топ кармалды. Бул тууралуу Финансы полициясы билдирди. 

 

 

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2021-жылдын 14-январында лабораториялык иликтөөлөрдүн бланкаларын текшерүү боюнча сатып алуу жүргүзүлгөн. Бул боюнча эки кыргызстандык кармалып, үйлөрү тинтүүгө алынган учурда КР жарандарынын жана башка өлкөлөрдүн жарандарынын аттары жазылган башка бланкалар дагы табылган. 

«Кылмыштуу топтогу абийирсиз адамдар, лабораториялык иликтөөдөгү терс жыйынтык көрсөткөн бланкаларды (сертификаттарды) жеткирүү менен алектенишкен. Муну менен катар эч кандай медициналык текшерүүлөр жүргүзүлгөн эмес. Бул сертификаттарды даярдоо 2 саатка чейинки убакытты талап кылган жана баасы 3 миң сомду түзгөн», — деп белгилешти финансы полициясынан. 

 

Азыркы учурда бул кылмыш ишке катыштыгы бар башка адамдардыжана медициналык мекемелерди  аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. 


 

 

 

Тэги: ПЦР тест Финпол

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу