Жарым жылда 100дөн ашык уруксатсыз курулуш фактылары аныкталды

26.07.2022, 10:36 Акчабар
Жарым жылда 100дөн ашык уруксатсыз курулуш фактылары аныкталды

Быйылкы жылдын алты айында Мамкурулуш тарабынан уруксатсыз курулуштар боюнча 123 факты аныкталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, архитектуралык-курулуш көзөмөлү аркылуу жалпысынан 3 миң 327 текшерүү жүргүзүлгөн. 437 объект пайдаланууга берилген, анын ичинен 310 капиталдык объект, 127 кичи объект жана 180 объект айыпка тартылган.

Жетыбаев ошондой эле 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында курулуш ишмердүүлүгүнө 3 миң 128 лицензия берилгенин айтты. Анын 314ү юридикалык жактарга, 4ү жеке ишкерлерге берилген.

Тэги: Госстрой незаконное строительство Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу