Алты айда мамлекеттик жана жеке менчик кинотеатрларда 56 миңден ашык сеанс көрсөтүлүп, 150 миллион 751 миң сом топтолду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Мындан тышкары, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарын өнүктүрүү фондунан “Соң-Көл” (Жумгал району), “Ысык-Көл” (Каракол шаары) жана “Семетей” (Кара-Буура району) кинотеатрларын оңдоого жалпысынан 26,9 млн сом бөлүнгөн.