Кыргызстанда жарым жылдын ичинде товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар 7,3% га жогорулады

13.07.2021, 16:00 Акчабар
Кыргызстанда жарым жылдын ичинде товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар 7,3% га жогорулады

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында, өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу, жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 7,3% түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Ошол эле учурда, азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 11% га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына - 7,7% га, азык-түлүк эмес товарларга - 4,1% га, калкка көрсөтүлгөн кызматтарга тарифтер - 1,2% га жогорулады. 

Ушул мезгилдеги эң чоң өсүш картошка - 1,7 эсеге, жаңы жашылчалар - 32,1% га, өсүмдүк майы - 22,8% га, кум шекер - 22,5% га, жаңы жемиштер - 18,8% га, гречка - 18,4% га, кой эти - 17,8%, балык - 7,7%, уй эти - 5,9%, алкоголсуз суусундуктар - 4,5%га жогорулаган.  

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу республиканын бардык аймактарында байкалган. Ошол эле учурда, баалардын максималдуу өсүшү (9,7%) Баткен облусунда катталган, бул тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баалардын башка региондорго салыштырмалуу эң чоң жогорулашына байланыштуу  болгон (15,3% га).

Тэги: Кыргызстан цены товары и услуги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу