Бир жарым жыл ичинде Бирдиктүү депозиттик эсепке 1.9 млрд сом чогулду

31.12.2019, 11:47 Акчабар
Бир жарым жыл ичинде Бирдиктүү депозиттик эсепке 1.9 млрд сом чогулду

КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маалыматы боюнча, 2018-жылдын 2-июлунан 2019-жылдын 24-декабрына чейинки мезгилде «Жалпы мамлекеттик иш-чаралар – укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозиттик эсеби» аталышындагы бирдиктүү депозиттик эсепте 1 млрд. 968,7 млн. сом топтолду, анын ичинде:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан – 959 388 042,35 сом;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен – 369 054 077,73 сом;

- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынан 628 307 432,27 сом;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен 11 983 373,72 сом келип түштү.

Эске сала кетсек, бул эсеп экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоштуруу үчүн ачылган.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча мамлекетке кайтарылуучу акча каражаттарын чегерүү, эсепке алуу, сактоо жана бөлүштүрүүнү иреттөө максатында Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча мамлекетке кайтарылуучу акча каражаттарын бөлүштүрүү тартиби иштелип чыккан.

Жогоруда аталган Тартипке ылайык бирдиктүү депозиттик эсепте топтоштурулган каражаттарды бөлүштүрүү бюджеттик мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө чечиминин негизинде, анын ичинде укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө түрткү берүү максатында, жүзөгө ашырылат. 

Тэги: ЕДС средства полтора года

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу