Бир жарым айдын ичинде «Жерүй» жергиликтүү бюджетти дээрлик үч миллион сомго толуктады

27.05.2021, 10:30 Акчабар
Бир жарым айдын ичинде «Жерүй» жергиликтүү бюджетти дээрлик үч миллион сомго толуктады

Талас алтын кен комбинаты ишке берилгенден кийин, ушул жылдын биринчи кварталынын бир жарым айынын ичинде "Альянс алтын" ЖЧК тарабынан экологиялык төлөмдөр дээрлик үч миллион сомго жетти. Бул тууралуу кен казуучу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

2018-2020-жылдары кен комбинатты куруу мезгилинде бул төлөмдөр эки миллион сомдон ашык болчу. "Альянс алтын" ЖЧКсы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча төлөмдөрдү өкмөттүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнүн булганышы үчүн төлөмдөрдү аныктоо методикасына ылайык жүргүзүүдө. 

"Жерүй" кенин иштетүү башталгандан бери, "Альянс алтын" ЖЧКсы ишкананын айлана-чөйрөгө экологиялык мониторинг жүргүзүү программасын иштеп чыккан жана ишке ашырган. Мониторинг программасы жылдын бардык мезгилдерин камтыйт. Муну менен 2021-жылдын февраль айында лицензияланган жана чектеш аймактарда табигый сууларды изилдөө, ошондой эле жылытуу мезгилинде иштеп жаткан отун-газ комплекстеринин котельныйларындагы күл чогултуучу жайлардын натыйжалуулугун баалоо боюнча иштер жүргүзүлдү" деп айтылат билдирүүдө.

Жер үстүндөгү сууларды изилдөө 20 көрсөткүчтө жана лабораториялык шарттарда 45 көрсөткүч боюнча жүргүзүлдү. Табигый суунун сапатын текшерүүнүн натыйжасында терс көрүнүштөр аныкталган жок, химиялык курамдын бардык көрсөткүчтөрү жол берилген концентрация чегинде же анализ ыкмасынын сезгичтигинен төмөн. Жерүй, Чоң-Чычкан, Кулмамбес, Түш-Ашуу, Үч-Кошой дарыяларындагы суунун курамы жана сапаты буга чейин кыш мезгилине белгиленген мүнөздөмөлөргө (суунун аздыгы) дал келет.

"Комбинаттын калдык сактоочу жайынын астынан жана жогору жагындагы байкоо кудуктарын иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча, калдыктардын жер астындагы сууларга тийгизген таасири аныкталган жок, анткени скважиналарда дренаждык суу табылган жок. Ишкананын буу казандарындагы күл чогултуучу заводдордун ишин текшерүүнүн натыйжалары көрсөткөндөй, буу казандарынан чыккан күлдөрдү күлдөн тазалоо натыйжалуулугу паспорттун маанисинин деңгээлинде жана ошону менен ченемдик талаптарга жооп берет", - деп маалымдашты "Альянс алтын" ишканасындагылар. 

Тэги: Альянс Алтын Джеруй экологические платежи

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу