Өткөн дем алыш күндөрү Кыргызстандын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган алтын куймаларынын бир унций баасы 0,49%га кымбаттады.
Алсак, 25-апрелге карата алтын куймасын кайра сатып алуу баасы 162 687 сом деп белгиленди. Мындай маалыматтар борбордук банктын сайтында жарыяланган.
Жума күнү, 22-апрелде кайра сатып алуу 161 887 сомду түзгөн. Ошентип, алтындын унциясын кайра сатып алуу баасы 800 сомго, же 9,63 долларга жогорулады.
Кошумчалай кетсек, 25-апрелге карата алынган маалымат боюнча Улуттук банктын аффинаждалган алтын куймаларынын унциясын 198 миң 548 сомдон сатып алууга болот. Үстүбүздөгү жылдын 30-мартынан тартып унций алтындын баасы өзгөрүүсүз калды.