Кыргызстандын коммерциялык банктары өткөн аптада банктар аралык валюта аукциондорунда 14,6 миллион доллар сатып алышканын Улуттук банктан билдиришти.
Апта ичинде доллар 82,01-83,2 сомдун чегинде сатылды. Америка валютасынын минималдуу наркы 10-майда белгиленген, анын ачылыш курсу 82,01 сом болсо, максимум 12-майда (жабуу курсу) жана 13-майда (ачуу курсу) 83,2 сом болгон. Акыркы жумада доллардын орточо курсу 82,3-82,5 сомду түздү.
Коммерциялык банктар 10-майда эң көп чет элдик валютаны — 4,7 миллион долларды, ал эми эң азын 14-майда — 200 миң долларды сатып алышкан.