Соңку беш жылда (2017-жылга салыштырмалуу) республика боюнча жалпысынан керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 39,2%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.
Бул мезгилде азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 51,8%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге - 50,9%га, азык-түлүк эмес товарларга - 24,9%га, калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 23,5%га жогорулаган.