Быйылкы жылдын январь-май айларында Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине дивиденд жана пайда түрүндө 9 миллиард 519,2 миллион сом түштү. Мындай маалыматтар Каржы министрлигинин мамлекеттик бюджеттин аткарылышы боюнча отчетунда келтирилген.
Анын ичинен акциялардын мамлекеттик пакети боюнча чегерилген дивиденддер 9 миллиард 318,3 миллион сомду түзөт. Калган 200,9 миллион сом бюджетке мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардан чогулган пайда түрүндө түшкөн.
Эске салсак, өткөн жылдын январь-май айларында бул сумма 4 млрд 746,1 млн сомду түзгөн. Ошентип, көрсөткүч эки эседен ашык өстү.