Беш жылдык баалуу кагаздардын эсебинен бюджетке 78 млн сом түштү

19.10.2021, 09:12 Акчабар
Беш жылдык баалуу кагаздардын эсебинен бюджетке 78 млн сом түштү

Кече, 18-октябрда Улуттук банк беш жылдык мамлекеттик казына облигацияларын аукциондон тышкары жайгаштырды. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалды.

Сооданын жыйынтыгында пландаштырылган 100 миллион сомдун ордуна беш жылдык мамлекеттик облигациялар аркылуу бюджетке 78 миллион сом түштү. Баалуу кагаздын баштапкы баасы 76,36 сом, кирешелүүлүгү 12,5% болгон.

Кошумчалай кетсек, октябрда Каржы министрлиги беш жылдык мамлекеттик облигациялардын эсебинен 260 миллион сом тартууну пландап жатат.

Тэги: гособлигаци деньги бюджет экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу