Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин кайра сатып алуу баасы бүгүн, 20-январда 170 миң 469,5 сомду түздү. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайты маалымдады.
Бир күн мурда калктан куймалар 170 249 сомго сатылып алынган. Бул бүгүнкүгө караганда 220,5 сомго (2,56 доллар) арзан.
Белгилей кетсек, Улуттук банктын алтын куймасын 173 миң 27 сомдон сатып алса болот.