Үч жылда криптовалютанын саны 5,7%га өстү

02.05.2024, 17:00 Акчабар
Үч жылда криптовалютанын саны 5,7%га өстү

“CoinGecko” аналитиктери криптовалюта рыногу боюнча жасаган изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялашты. Маалыматка ылайык, дүйнөдө ушул жылдын апрель айынын башына карата 2,52 миллиондон ашык криптовалюта бар. Бул 2021-жылдын аягындагы 0,44 миллион криптовалютадан 5,7 эсеге көп. 

Криптовалюталардын саны 2022-жылдын сентябрында биринчи жолу миллиондорду ашып, жылдын акырына карата 1,15 миллионго жетип, 159,2% га өстү. Андан кийин криптовалюталардын саны 2023-жылдын акырына карата 72,3%га өсүп, 1,98 миллионго жеткен.

Бүгүнкү күндө жаңы криптовалюталарды түзүүнүн негизги кыймылдаткычтарынын бири - мемкоиндер. Мемкоиндун фонунда 2024-жылдын март айында крипто рыногунда 195,7 миңден ашык жаңы токендер пайда болгон, бул рекорддук көрсөткүч.

 

Тэги: криптовалюта новости мира экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу