2017-жылдан тарта, 2019-жылга чейин «Инфоком» МИ аркылуу 2.7 млн паспорт жасалган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.
Мекеменин берген маалыматына ылайык, сатистикага паспорттун бардык түрү кирет: жалпы жарандуулук, (чет элдик паспорт), дипломатиялык, кызматтык, 2004 жана 2007-жылдагы үлгү менен ID-карта. Кыргызстан жарандары үчүн катталган паспорттун көлөмү жыл сайын өсүүдө: 2017-жылы 901 миң паспорт, 2018-жылы - 916 миң паспорт даярдалган. 2019 - жылдын акыркы 11 айында 950 миңден ашык паспорт даярдалган.
Үч жылдын жыйынтыгы менен 160 миң паспорт жоголуп, 12 миң паспорт жараксыз деп табылып кайра жасалган.