Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында Казакстан Кыргызстанга экспортерлордун 307,4 тонна айыл чарба продукциясын кайтарып берди. Бул тууралуу Казакстандын айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Отчеттук мезгилдин ичинде Казакстан 8 миң тоннадан ашык продукцияны кайтарып берди. Анын ичинен Кытай - 6 миң тоннадан ашык, РФ - 1,1 миң тонна. Андан ары Өзбекстан - 439,2 тонна, Азербайжан - 303,6 тонна, Иран - 243 тонна жана Түркмөнстан - 212,5 тонна.
Тартип бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылып, 86 миң доллар айып пул төлөшкөнү маалым болду.