Мамлекеттик салык кызматы сегиз айда 158 миллиард сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. План 2,1 миллиард сомго ашык аткарылды. Мындай маалыматтарды Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул сумма 26,1 миллиард сомго көп.
"Чогултулган сумманын 116 млрд 551,7 млн сому салыктар жана төлөмдөр, ал эми 41 млрд 474,2 млн сому камсыздандыруу төгүмдөрү", - деп белгилейт Мамлекеттик салык кызматы.