Дем алыш күндөрү Кыргызстандын Улуттук банкы чыгарган куйма алтындын унций баасы 1,7%га кымбаттады. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.
Ошентип, бүгүнкү күндө Улуттук банк элден 31,1 грамм салмактагы өлчөнгөн куймаларды 155 миң 260 сомдон сатып алууда. Жума күнү, 27-майда кайра сатып алуу баасы 152 миң 619 сомду түзгөн. Ошентип, баа 2 миң 641 сомго, же 32,7 долларга өскөн.
Белгилеп кетсек, ай башынан бери кайра сатып алуу баасы 6,54% га төмөндөгөн.
Кошумчаласак, 30-майга карата Улуттук банктын аффинаждалган алтын куймасынын унциясын 192 миң 72,5 сомдон сатып алууга болот. Баа 26-апрелден бери өзгөргөн жок.