Бүгүн, 24-апрелде Улуттук банктын алтын куймаларын сатуунун баасы 178 миң 417 сомду түздү. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.
Мындан төрт күн мурун, 20-апрелде Улуттук банк элден ушундай эле көлөмдөгү алтынды 179 миң 896 сомго сатып алган, бул бүгүнкүгө караганда 1 миң 479 сомго (16,89 доллар) кымбат.
Белгилеп кетсек, Улуттук банктын алтын куймасын 181 миң 93,5 сомдон сатып алууга болот.