Апта соңунда Кыргызстандын Улуттук банкы чыгарган алтын куймаларынын унцийи 437 сомго кымбаттады. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.
Бүгүн, 20-февралда Улуттук банк элден 31,1 грамм салмактагы өлчөнгөн куймаларды 166 миң 7 сомдон сатып алууда. Жума күнү, 17-февралда кайра сатып алуу баасы 165 миң 570 сомду түзгөн.
Ошентип, баа 4,77 долларга жогорулады.
Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин 20-февралга карата 168 миң 497,5 сомдон сатып алууга болот.