Дем алыш күндөрү Кыргызстандын Улуттук банкы чыгарган алтын куймаларынын унцийи 909 сомго кымбаттады. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.
Ошентип, бүгүнкү күндө Улуттук банк калктан 31,1 грамм салмактагы ченелген куймаларды 171 миң 378,5 сомдон сатып алууда. Өткөн жуманын аягында, 20-январда кайра сатып алуу баасы 170 миң 469,5 сомду түзгөн. Муну менен дем алыш күндөрү бир унция 10,56 долларга кымбаттады.
Кошумчаласак, 23-январга карата Улуттук банктын алтын куймасынын унциясын 173 миң 949 сомго сатып алуу мүмкүн.