Кыргызстанда өлчөнгөн алтын куймаларынын баасынын төмөндөө тенденциясы байкалууда. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери кайра сатып алуунун максималдуу баасы 26-январда белгиленген, андан бери унция алтын 3,08%га арзандады. Мындай тыянакты Улуттук банк тарабынан жарыялаган маалыматтардын негизинде чыгарууга болот.
Алсак, 28-январда 31,1 грамм салмактагы алтынды кайра сатып алуу баасы 158 миң 892 сом болсо, 31-январда сунуш 1 миң 575 сомго же 18,6 долларга төмөндөп, 157 миң 317 сомду түзгөн.
Кошумчалай кетсек, жыл башынан бери унция алтындын өздүк наркын эсептесек, 0,24% гана арзандады.
$ млн
Столько составили за полгода доходы от приема иностранных граждан в Кыргызстане