Кыргызстанда январь айында 5 миң 565 жаранга пенсия дайындалды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен жалпы 4 миң 384 жаранга пенсия чектелди. Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1 миң 181 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.