Быйылкы жылдын январь-февраль айларында пенсияларды каржылоо 11 миллиард 799,2 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Социалдык фонддун сайтында маалымдалды.
Белгилүү болгондой, февраль айына карата каржылоо 5 миллиард 918,8 миллион сомду түздү.
Каражаттын басымдуу бөлүгү Ош (1 млрд 95 млн сом) жана Жалал-Абад (1 млрд 26,1 млн сом) облустарынын тургундарына пенсия төлөөгө жумшалган.
Пенсионерлерге төлөмдөргө Бишкек шаарында 934,5 млн сом, Чүй облусунда 890,4 млн сом, Ысык-Көл облусунда 538,9 млн сом, Баткен облусунда 507 млн сом, Нарын облусунда 467,7 млн сом сарпталды.
Каражаттын эң азы Талас облусуна — 247,3 миллион сом багытталган.