Январь айында кепилдик фонду 170 млн сомго кепилдик берген

03.02.2023, 12:55 Акчабар
Январь айында кепилдик фонду 170 млн сомго кепилдик берген

Жыл башынан бери Кепилдик фонду 170 миллион сомдук кепилдиктерди берди. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, бизнес насыя алуу үчүн кепилдиктерди колдонууда жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөн. 2023-жылдын январынан бери Кепилдик фонду 263 кепилдик берүү менен бизнести колдоду. Өнөктөш банктар гарантия менен 321 миллион сомдон ашык кредиттерди беришти.

Колдоого алынган тармактарга айыл чарба, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу тармактар, соода, курулуш жана транспорт кирет.

Берилген кепилдиктердин жалпы санынын 85%ы өлкөнүн аймактарында ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган.

Эске салсак, өткөн жылы Кепилдик фонду “Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык исламдык, ипотекалык жана портфелдик кепилдиктерди камтыган гарантиялык продуктылардын ассортиментин кеңейткен.

Тэги: экономика новости Кыргызстана Гарантийный фонд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу