Улуттук банк Башкармасынын мурдагы мүчөсү кармалды – УКМК

02.02.2023, 11:39 Акчабар
Улуттук банк Башкармасынын мурдагы мүчөсү кармалды – УКМК

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети банк тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында Улуттук банктын жетекчилигинин, “Керемет банктын” жогорку кызмат адамдарынын, ошондой эле башка адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча маалыматтар келип түшкөн.  

Тергөөнүн алкагында, жогоруда аталган адамдар “Керемет Банк” ААКсына (мурдагы “Росинбанк”) мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард сомдон ашык мыйзамсыз инвестиция салууга катышы бардыгы, ошол эле учурда бул банктын ишмердүүлүгү чыгашалуу болгондугу аныкталган. Алдын ала маалымат боюнча, көрүлгөн пайда жана мамлекетке келтирилген зыян 4,5 миллиард сомдон ашык.  

“Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлдү. Жыйынтыгында, иш боюнча алынган далилдерди эске алуу менен байкоочу блоктун мурдагы куратору, Улуттук банк Башкармалыгынын мурдагы мүчөсү Ж.Т., кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, - деп айтылат маалыматта. 

Учурда келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМК аныктаган Улуттук банк Башкармалыгынын мурдагы мүчөсүнүн аты-жөнүн жана фамилиясын ачыкка чыгарган жок. Бирок кармалган кызматкердин инициалы 2020-жылы Улуттук банктагы ээлеген кызматынан бошотулган Тимур Жусуповдун аты жана фамилиясына дал келет. 

 

Тэги: новости Кыргызстана ГКНБ Керемет Банк коррупция деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу