Бишкектин мурдагы вице-мэри Алимбек Абдылдаев кармалды

16.12.2022, 11:02 Акчабар
Бишкектин мурдагы вице-мэри Алимбек Абдылдаев кармалды

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри “Бишкекжылуулукэнерго” жана “Бишкекжарык” мамлекеттик ишканаларындагы жемкорлукка байланыштуу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тастыктады. 

Маалыматка ылайык, 2019-2021-жылдар аралыгында “Бишкекжарык” МИ жетекчилиги ишкананын ири өлчөмдөгү бюджеттик каражатын мыйзамсыз түрдө ыйгарып алган. 

“Тактап айтканда, каржылоонун бекитилген жана мыйзамдуу булактары жок туруп “Бишкекжарык” МИ имараттарын жана курулуштарын капиталдык оңдоодон өткөргөн. Анда капиталдык ремонттун чыгаша бөлүгү жасалма түрдө ашыкча бааланган. Мындан тышкары, ишкананын 2 миллион 300 миң сомго жакын негизги каражаттарын уурдоо фактысы аныкталган”, - деп белгиледи УКМК.

Ошол эле учурда 2016-2019-жылдары уруксат берүү жана курулуш объектилерин жылуулук тармактарына кошууда “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасынын бюджетине 31 миллион сомго жакын зыян келтирилген.

Белгилей кетсек,  бул жемкорлук иштер “Бишкекжылуулукэнерго” жана “Бишкекжарык” МИнин жетекчиси А.А.А турган маалда болгон. 

 

Тэги: новости Кыргызстана Бишкектеплоэнерго Бишкексвет мэрия Бишкека

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу