Свердлов райондук билим берүү борборунун экс-башкы эсепчиси коррупциялык схемага катышкан деген айып менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалым болгондой, текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 8 миллион 637 миң сом зыян келтирилгени аныкталган.
"Билим берүү борборунун экс-башкы эсепчиси Н.М. өзүнүн бул ишке тиешеси бар экенин билип туруп, "Ак-Жол" посту аркылуу 2023-жылдын 2-сентябрында Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө аракет кылган учурда кармалды”, - деп айтылат маалыматта.