Издөөдө жүргөн Кумтөрдүн аткаруучу директору кармалды

19.01.2023, 14:44 Акчабар
Издөөдө жүргөн Кумтөрдүн аткаруучу директору кармалды

"Кумтөр голд компани" ишканасынын аткаруучу директору Канат Курманов 2023-жылдын 14-январында "Манас" аэропортунда чек арадан өтүүгө аракет кылган учурда кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, ал Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгына жеткирилген. Соттун чечимине ылайык, Курманов Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилди.

Учурда аталган иш боюнча териштирүү иштери уланууда.

Эске салсак, Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында аталган компаниянын мурдагы директору Канат Курмановго издөө жарыяланган.

Тэги: новости Кыргызстана Канат Курманов Кумтор Голд Компани

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу