Чек ара: жабыркаган тургундардын 19,5 млн сом насыясы жоюлду

29.11.2022, 09:20 Акчабар
Чек ара: жабыркаган тургундардын 19,5 млн сом насыясы жоюлду

Ушул жылдын 24-ноябрына карата каржы-кредиттик уюмдар 287 насыяны карыз алуучулардан кечти. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.

Жалпысынан Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылыштан жапа чеккен 474 насыя алуучу каржы мекемелерине кайрылган.

"Жалпысынан 287 кредит 19 миллион 538 миң сомго кечилди, дагы 155 кредит 36 миллион 487 миң сомго реструктуризацияланды", — деп билдиришти Улуттук банктан.

Каржы-кредиттик уюмдар жабыркаган карыз алуучулардын бардык арыздарын карай турганы белгиленди. Алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.

Эске салсак, быйылкы жылдын 6-октябрында Улуттук банк Башкармасы сентябрда Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылыштан жабыркаган коммерциялык банктардын, банктык эмес жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин кардарларына колдоо көрсөтүү боюнча токтом кабыл алган.

Тэги: новости Кыргызстана заемщики Баткенская область кредиты деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу