Заманбап коомдук транспорт үчүн жол кире жүз сом болушу керек – Нусувалиев

15.11.2022, 13:28 Акчабар
Заманбап коомдук транспорт үчүн жол кире жүз сом болушу керек – Нусувалиев

Бишкек шаарында заманбап жаңы коомдук транспорт жүрүшү үчүн жол кире 100 сомдон кем болбошу керек. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда өткөн маалымат жыйында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.

Маалымат жыйында журналист Нусувалиевден коомдук транспорттордун абалына кандай баа берерине кызыкты.

"Маселе өтө көп. Кичи автобус, автобус жана троллейбустардын автопаркы көптөн бери жаңыланган эмес. Ал көптөн бери жаңыланбай жатканынын себеби эмнеде экенин түшүнүшүбүз керек. Муниципалитеттин да, жүргүнчү ташып иштеген жеке компаниялардын да жаңы техниканы сатып алууга акчасы жок. Азыркы тапта жүргүнчү ташыган жеке компаниялардын киреше боюнча абалы анча болбой жатканын ачык айтышыбыз керек. Мисалы айдоочулар менен көп жолугам. Жаңы унаа айдагысы келгенин айтышат, бирок ага кирешеси жол бербейт. Киреше каяктан келет. Ал ошол эле тарифтерден келет. Албетте биз жаңы, заманбап электр кичи автобустар жүрө тургандай кылып тарифтерди көтөрө албайбыз. Ал үчүн жол кире 100 сомдон кем болбошу керек. Бирок аны калкыбыз көтөрө албайт. Бул нерселер бири-бири менен байланышкан", — деди ал.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу