Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Залкарбек Карыбеков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Тиешелүү документке Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Залкарбек Карыбеков бул кызматка 2021-жылдын 14-июнунда дайындалган.