“Элет-Капитал” микрофинансылык компаниясы облигациялар боюнча түшкөн каражатты төлөдү. Жалпысынан 128 облигация ээлери түшкөн каражатты алууга укуктуу болгон. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Ал эми чегерилген кирешенин жалпы суммасы 4 млн 131 миң 999 сомду түздү.
Компаниянын маалыматы боюнча, 119 облигация ээси киреше алып, ал 4 млн 21 миң 375 сомду түздү.
Бирок 9 менчик ээси келбегендиктен аларга жалпы 110 миң 624 сом төлөнө элек. Киреше төлөнбөй калган облигациялардын жалпы саны 835ти түзөт.
Компания төлөм ала элек облигация ээлерин байланышууга чакырат.