«Кумтөрдөгү» алтындын запасы 2040-жылга чейин жетери кабарланды

23.08.2023, 11:35 Акчабар
«Кумтөрдөгү» алтындын запасы 2040-жылга чейин жетери кабарланды

Бүгүн "Биринчи радионун" түз эфиринде "Кумтөрдүн" жетекчиси Алмаз Барыктабасов компания алтынды 2031-жылга чейин ачык жол менен казарын билдирди.

"2017-жылдагы долбоор боюнча 2023-жылы ачык жол менен алтын казууну токтотушу керек болчу. Бирок 2018-2019-жылдары геологиялык изилдөө иштери жүргүзүлүп, анын негизинде кендин иши кайрадан каралып чыкты", - деди ал.

Буга байланыштуу ачык жол менен казуу 2031-жылга чейин уланат.

"План боюнча ачык ыкма менен 134 тонна алтын алуу пландалган. Мындан тышкары жер астындагы кендер бар, анын запасы 100 тоннага жакын деп эсептелген. Ошондой эле таштанды кампаларында 120 тоннага жакын алтын бар. Демек, иш 2040-жылга чейин созулушу мүмкүн”, - дейт Алмаз Барыктабасов.

Тэги: экономика Кумтор добыча золота новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу