ГЭСтердин ишке киргизилиши менен энергетиканын кубаттуулугу 3300-3500 мегаваттка чейин көтөрүлөт - Жунушалиев

07.06.2021, 11:00 Акчабар
ГЭСтердин ишке киргизилиши менен энергетиканын кубаттуулугу 3300-3500 мегаваттка чейин көтөрүлөт - Жунушалиев

Кыргызстанда тез арада реформаларды жүргүзүү, энергетикалык компаниялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана жаңы генерациялык кубаттуулуктарды ишке киргизүү боюнча ири долбоорлорду ишке ашыруу зарыл. Бул тууралуу энергетика тармагындагы тегерек столдо министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстандын энергетика тармагындагы абал өтө оор. Буга бир катар объективдүү себептер бар. Энергетика тармагын өнүктүрүүдө так көз караштын жоктугу, ошондой эле акыркы он жылда топтолуп келе жаткан көйгөйлөр тармакты ушул абалга кептегени айтылды. 

“Энергиянын альтернативдүү, экологиялык таза түрлөрүнө өзгөчө көңүл буруу керек. Тармакта жагымдуу шарттарды түзүү менен биз жаңы, чакан, орто жана ири ГЭСтерди курууга инвесторлорду тарта алабыз, бул болсо кыргызстандыктарды мекенибиздин эң алыскы бурчтарында дагы үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылат. Энергетика тармагындагы негизги инвестициялык долбоорлор: Камбар-Ата-1 ГЭСи, Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу, Сары-Жаз дарыясындагы ГЭС каскадынын курулушу, Нарын ГЭС каскадындагы иштеп жаткан кубаттуулуктарды тездетилген реконструкциялоо жана модернизациялоо чакан ГЭСтерди ишке киргизүү. Бул 3300-3500 мегаватт кубаттуулуктагы кошумча кубаттуулукту киргизүүгө мүмкүндүк берет”, - деди Жунушалиев.

Ал ошондой эле министрлер кабинети энергетика тармагы иш жүзүндө жалпы мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүнүн негизги тармактарынын бири болуп калышы үчүн болгон күч-аракетин жумшайт деп кошумчалады.

Тэги: ГЭС строительство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу