Кыргызстанда аялдар иш менен камсыз болуу боюнча жогорку деңгээлде экендиги менен мүнөздөлөт. Өткөн 2021-жылы жүргүзүлгөн үй чарбаларынын интегралдык тандалма изилдөөсүнө ылайык, жумуш менен камсыз болгон аялдардын саны 964,6 миң адамды же жалпы иштеген калктын 38%ын түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө аялдар көбүрөөк эмгектенгендиги, анын ичинен кыймылсыз мүлк операциялары (100%), билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр (ар бири 77%) тармагы басымдуулук кылгандыгы айтылат.
Жогорку квалификациялык деңгээлдеги адистердин тобунда (65,2%), документтерди даярдоо жана тариздөө, эсепке алуу жана тейлөө менен алектенген кызматкерлер (54%) жана орточо квалификациялык деңгээлдеги адистердин арасында (48,9%) аялдар басымдуулук кылат.
Эркектердин эң жогорку үлүшү заводдордун жана механизаторлордун, монтаждоочулардын жана айдоочулардын тобунда (97,7%), өнөр жайдын, курулуштун, транспорттун жана ага байланыштуу кесиптердин квалификациялуу жумушчуларынын арасында (78%) жана бардык деңгээлдеги жетекчилердин арасында (57,1%) белгиленген.
Эркектердин эң жогорку үлүшү заводдордун жана механизаторлордун, монтаждоочулардын жана айдоочулардын тобунда (97,7%), өнөр жай, курулуш, транспорттун жана ага байланыштуу кесиптердин квалификациялуу жумушчуларынын арасында (78%) жана бардык деңгээлдеги жетекчилердин арасында (57,1%) белгиленген.
Мында аялдар эркектерге салыштырмалуу азыраак айлык акы төлөнүүчү кызматтарды ээлеп, алардын эмгек акысы эркектердин эмгек акысынын 75,1%ын түзөрү белгилүү болгон.