Бийлик бизнестин мамлекеттик органдар менен байланыштарын төмөндөткүсү келет

07.09.2022, 12:27 Акчабар
Бийлик бизнестин мамлекеттик органдар менен байланыштарын төмөндөткүсү келет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү.

Кеңешмеде каржы министри Алмаз Бакетаев 2023-2027-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоорун, ошондой эле 2023-2027-жылдарга мамлекеттик бюджеттин негизги параметрлерин сунуштады.  

Белгиленгендей, жакынкы келечектеги фискалдык саясаттын негизги милдети бизнестин мамлекеттик органдар менен байланыштарын төмөндөтүү, көмүскө экономиканы кыскартуу жана кирешелерди башкаруу тутумун жакшыртуу жолу аркылуу мамлекеттик бюджетке түшүүлөрдүн көлөмүн жогорулатуу болуп саналат.

Акылбек Жапаров салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана башка бизнес процесстерди санариптештирүү боюнча алдыдагы иштердин маанилүүлүгүн белгиледи.

"Биздин алдыбызда Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу сыяктуу стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу милдеттери турат. 2023-жылдын 1-январынан тарта алтын жана санариптик сомду ишке киргизүү керек. Мындан тышкары IT технологиялар университетин ачып, IT шаарчасын негиздөө керек", - деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгында өкмөттүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши 2023-2027-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоорун, анын ичинде орто мөөнөттүү бюджеттик негиздер жана тармактар боюнча чыгымдардын стратегияларын, ошондой эле айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен 2023-2025-жылдарга республикалык бюджетти түзүү үчүн контролдук көрсөткүчтөрдү бекитти.

Тэги: фискальная политика кабмин инвест политика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу