«Suzuki» заводдору Индиядагы ишин убактылуу токтотот

29.04.2021, 11:50 Акчабар
«Suzuki» заводдору Индиядагы ишин убактылуу токтотот

Индиядагы "Suzuki" заводдору ооруканаларды кычкылтек менен камсыздоо үчүн унаа чыгарууну убактылуу токтотот деп билдирди NDTV.

"Suzuki" Харьянедеги, Гуджараттагы ишканаларын да толугу менен жабат. Ошентип, компания жылдык үзгүлтүктөрдү техникалык тейлөөгө которду.

"Унааларды өндүрүү процессинде Марути Сузуки өз заводдорунда аз көлөмдөгү кычкылтекти колдонот, ал эми салыштырмалуу көп бөлүгүн компоненттердин өндүрүүчүлөрү колдонушат. Учурдагы кырдаалда, биз бар болгон кычкылтекти адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн колдонушубуз керек деп эсептейбиз", - деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Maruti Suzuki компаниясынын акциялары заводдорду жабуу чечимин жарыялагандан кийин 0,44% га жогорулагандыгын кошумчалайбыз.

Тэги: экономика Индия Suzuki борьба с коронавирусом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу