Өзбекстанга 21 миң доллар алып бараткан кыргызстандык кармалды

25.09.2023, 11:50 Акчабар
Өзбекстанга 21 миң доллар алып бараткан кыргызстандык кармалды

Кыргызстандын жараны "Достук-автожол" өткөрмө бекети аркылуу Өзбекстанга дээрлик 21 миң доллар алып чыгууга аракет кылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик коммитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мааалыматка ылайык, 22-сентябрда саат 09:00дөр чамасында 1988-жылы туулган жаран Н.С. өткөрүү жайына келген. Чек ара көзөмөлдөн өтүү учурунда анын жанынан ири суммадагы чет элдик валюта - 20 900 АКШ доллары табылган.

Бул жаран валютаны бажы мыйзамын кайгып өтүп, акча каражаттарын декларациядан өткөрбөй туруп алып өтүүгө аракет кылган.

"Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран жана акча каражаттары андан ары териштирүү иштери жүргүзүлүшү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Тэги: мыйзам УКМК доллар чек ара

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу