Бишкектеги Чыгыш автобекетинин имараты бузулбайт

29.05.2024, 15:35 Акчабар
Бишкектеги Чыгыш автобекетинин имараты бузулбайт

Чыгыш автобекетинин имараты шаардык мэриянын муниципалдык менчигине өттү. Ал бузулбай, архитектуралык эстелик катары сакталып, шаардын муктаждыктарына пайдаланылат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мэрия анын айланасын көрктөндүрүп, жашылдандырууну пландоодо. Тарыхый жайды эффективдүү пайдаланууну камсыз кылган мурдагы автобекеттин имаратына калкты тейлөө борборун жайгаштыруу варианттары каралууда. 

Эскерте кетсек, буга чейин экс-транспорт башкармалыгынын жетекчиси “Акчабарга” берген маегинде автобекеттин имараттарына калкты тейлөө борборлору жайгаштырыла турганын айткан.

 

Тэги: новости экономика Кыргызстана Восточный автовокзал

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу