Энергетика министри: жайында ысык суунун баасы кайра каралат

14.05.2024, 17:43 Акчабар
Энергетика министри: жайында ысык суунун баасы кайра каралат

2024-жылдын июнь айынан тарта жылуулукка жана ысык сууга төлөм акы кайра каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди.

Анын айтымында, жыл аягына чейин электр жарыгына баа жогорулабайт.

"Электр жарыгына баа май айында 11 тыйынга өстү. Жыл аягына чейин өзгөрбөйт. Бирок бизде жылуулук энергиясы тармагында тариф аксап турат. Июнь айынан тарта ал каралат", - дейт Байгазиев.

Тэги: ысык суу жаңы тариф жылуулук

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу