Жайыт комиттетер муниципалдык ишканаларга өткөрүп берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, административдик-аймактык реформа Нарын облусунда жана Ысык-Көл облусунун Түп районунда 2023-жылы өткөрүлгөн. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун жайыт комиттетери муниципалдык ишканаларга өткөрүп берилген.
Бүгүнкү күндө асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин адистери тарабынан, мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн муниципалдык ишканаларга өткөрүп берүү жөнүндө жер-жерлерде окуулар жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.