Садыр Жапаров: паспорт жана сомду мамлекет өзү чыгара баштайт

27.02.2023, 12:15 Акчабар
Садыр Жапаров: паспорт жана сомду мамлекет өзү чыгара баштайт

Жакынкы келечекте паспорт жана улуттук кагаз акчаны мамлекет өзү чыгара баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев менен болгон жолугушууда билдирди. 

Садыр Жапаров “Учкун” ишканасы заманбап жабдуулар менен камсыздалганын белгиледи. 

“Келечекте бир дагы мамлекеттик кагаз жеке ишканаларда чыгарылбашы керек. Баардыгы бир гана “Учкун” басмаканасында басылып чыгат. Биз 100% жетишебиз. Буйруса, келечекте кагаз акчаларды, паспортторду өзүбүз басып чыгарабыз. Быйыл май айынан тарта жарандык паспортторду өзүбүз басып чыгара баштайбыз. Буга чейин паспорттордун бланктары, техникалык паспорттор, айдоочулук күбөлүктөр жеке ишканаларда басылып келген. Мамлекет тарабынан 15 миллиард сом бөлүнсө, анын каражаты мамлекетке салык түрүндө да, киреше катары да кайтарылган эмес. Ал эми мамлекеттин эсебинен “Учкунга” басып чыгарсак, анда салык түрүндө 3 миллиард сомдон кем эмес түшөт”, - деди Садыр Жапаров.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу