Жалал-Абад: 16 млн сомго 25 автобус сатып алынат

08.09.2021, 10:20 Акчабар
Жалал-Абад: 16 млн сомго 25 автобус сатып алынат

Жалал-Абад шаарына жүргүнчү ташуучу жаңы 25 автобус сатып алынат. Бул тууралуу “Акчабарга” Жалал-Абад шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу муниципалдык автобазасынын жетекчиси Искендер Мейманкулов билдирди.

Маалым болгондой, транспортторду алуу үчүн Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна долбоор жазылган. Анын алкагында, эки этап менен 25 автобус сатып алуу пландалган.

"Бизде жалпы он беш автобус бар. Азыр алардын ичинен сегизи каттамга чыгат. Автопаркты жаңылоо максатында облустук өнүктүрүү фондуна 16 млн сомдук долбоор жазганбыз. Каражаттын 30%ын жергиликтүү бийлик бөлүп бериши керек. Ал 4 млн 800 миң сом болот. Жакынкы күндөрдө биринчи этап менен беш автобус келет”, - деди Мейманкулов.

Белгилей кетсек, Жалал-Абаддагы муниципалдык автобазанын автобустары дээрлик он жылдан бери жаңылана элек.

Тэги: автобус автопарк долбоор Жалал-Абад

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу