Жалал-Абад: медколледждин менчиктештирилген жер тилкеси кайтарылды

24.04.2024, 11:10 Акчабар
Жалал-Абад: медколледждин менчиктештирилген жер тилкеси кайтарылды

Жалал-Абад медициналык колледжинин менчиктештирилип кеткен 469 чарчы метр жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан Жер мыйзамынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2008-жылдагы токтому менен Жалал-Абад медколледжине таандык болгон 469 чарчы метр жер тилкеси М.А. аттуу жарандын жеке менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча шаардык прокуратурасы жогорудагы токтомду жараксыз деп табуу боюнча Жалал-Абад шаардык сотуна доо арыз келтирип, соттун чечими менен аталган токтом жараксыз деп табылды.

Ошондой эле, прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актынын негизинде базар баасы 9 млн 769 миң 200 сомду түзгөн 469 чарчы метр жер тилкеси Жалал-Абад медициналык колледжинин балансына кайтарылды.

Тэги: прокуратура медициналык колледж

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу