Жалал-Абад облусун таза суу менен камсыздоого 21 млн доллар жумшалды

29.02.2024, 10:22 Акчабар
Жалал-Абад облусун таза суу менен камсыздоого 21 млн доллар жумшалды

2019-2023-жылдар аралыгында "Айылды суу менен камсыздоо жана санитарияны жакшыртуу" долбоорунун алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын кредиттик каражаттарынын эсебинен Жалал-Абад облусунун 10 айылын (28 303 адам үчүн) жана 24 мектепти (14 694 окуучу үчүн) суу менен камсыздоо жана санитария системаларынын курулушу аяктады. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, “Айылды суу менен камсыздоо жана санитарияны жакшыртуу" долбооруна 21 млн АКШ доллар сарпталды. 

Суу менен камсыздоонун жеткиликтүүлүгү жана айылдык жамааттардагы тургундардын башка орчундуу маселелерин чечүүдө техникалык жардам көрсөтүү максатында суу менен жабдуу системаларын пайдалануу жана техникалык тейлөө үчүн 42 комплект жабдуу жана 8 бирдик экскаватор, бульдозер атайын техникалар жеткирилген. 

Тэги: таза суу менен камсыздоо долбоор социалдык долбоор Жалал-Абад облусу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу