Жалал-Абад облусунда 93 млн сомго мектеп салынды

11.09.2023, 13:53 Акчабар
Жалал-Абад облусунда 93 млн сомго мектеп салынды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Аксы районундагы Асанбек Кулубаев атындагы №64 Дардак-Дөбө орто мектебинин ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мектептин жаңы имараты 100 орунга ылайыкталган. Жалпы сметалык баасы 93 млн сомду түздү. Анын курулушуна республикалык бюджеттен 81 млн сом бөлүнгөн. 

Акылбек Жапаровдун айтымында, 2023-жылы билим берүү тармагына 60,9 млрд сом каралган. Анын ичинде жалпы билим берүү мекемелеринин курулушуна 7,7 млрд сом караларын кошумчалады. 2023-жылы жакынкы жылдарга пландалган 204 мектептин 100ү пайдаланууга берилет.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу