Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусунда 150 орунга ылайыкташкан типтүү бала бакча курулууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бала бакча эки кабаттан туруп, 48 сотых жер аянтына курулууда.
"Бала бакчанын сметалык баасы 97 млн сомду түзөт. Курулуш республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сом акча каражатынын эсебинен каржыланууда. Аталган бала бакча жыл аягына чейин бүткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Белгилеп кетсек, Жалал-Абад шаарында учурда 26 муниципалдык бала бакча бар.