Жалал-Абад облусунда чек арадан мыйзамсыз мал алып өтүү аныкталды

01.02.2023, 09:40 Акчабар
Жалал-Абад облусунда чек арадан мыйзамсыз мал алып өтүү аныкталды

Ала-Бука чек ара отрядынын кызматкерлери ИИМдин кызматкерлери менен бирге чек арадан мыйзамсыз мал алып өтүүгө аракет кылган адамды аныктады. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда 4 баш бодо мал табылган. Бодо мал сатуу максатында Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылынган. 

“Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган малдын баасы 300 миң сомдун тегерегинде”, - деп айтылат маалыматта. 

Бул мыйзамсыз фактыга тиешелүү документтер кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу