Эсеп палатасы Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинде 4,2 млн сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын социалдык экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана 2021-2022-жылдар аралыгына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөн.
Аудит шаардык кеңешти, мэрияны, Каржы министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана алардын муниципалдык мекемелерин текшерген.
“Натыйжада 4 млн 228,9 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталып, анын 4 млн 173,1 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш. Текшерүү учурунда 1 млн 923,2 миң сом калыбына келтирилип, 2 млн 249,9 миң сом калыбына келтирилген эмес”, - жеп айтылат маалыматтта.
Аныкталган мыйзам бузуулардын ичинен курулуш иштеринин наркын ашыкча баалоо, товардык-материалдык баалуулуктарды жана мүлктү эсептен чыгаруу, эмгек акыны, иш сапардык чыгымдарды, жөлөк пулдарды, компенсацияларды жана башкаларды төлөөгө байланышкан мыйзам бузуулар бар.