Жалал-Абад шаарында перинаталдык борбор куруу пландалып жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталы жарыялады.
Тендерди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Турак жай-курулуш департаментинин Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган.
Тендердин пландалган суммасы 222 млн. 878 миң 873 сом, конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 4-июль.